КУБАНЫЧТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кубанычы бар, көңүлү шат, сүйүнүчтүү. Урумкан эне чоң жумуш аткарганына кубанычтуу (Бейшеналиев). Үйдө отургандардын бардыгы кубанычтуу эле (Жантөшев). Керкибай үйүнө өтө кубанычтуу кайтты (Каимов). Эл арасы кубанычтуу күүлдөй түшүштү (Жантөшев). 2. Кубандырган, сүйүндүргөн, кубанууга себепкер болгон, кубандыра турган. Турдубек кубанычтуу кабарды билдирип, кызылдардын жайын айтты (Жантөшев). Айтып кармат шертиңди, Кубанычтуу кеп менен («Олжобай менен Кишимжан»). 3. Кубанычка баткан, кубангандыгын, сүйүнүп жатканын билдирген. Ражабдын кубанычтуу үнү угулду (Абдукаримов). Алардын арасында жандуу кыймыл, кубанычтуу күлкүлөр пайда болду (Жантөшев). Жаштар арасына кубанычтуу кыймыл, шыңкылдашкан шыбыр-күбүр пайда болду (Жантөшев).